Казакстан менен Сауд Арабиясынын кызматташтык жолугушуусу

Казакстандын президенттик аппаратынын билдирүүсүнө караганда, президент Касым Жомарт Токаев Сауд Арабиянын айыл чарба, экология жана суу ресурстары министри Абдулрахман аль-Фадлини борбор шаар Астанада кабыл алды.

2026067
Казакстан менен Сауд Арабиясынын кызматташтык жолугушуусу

Казакстан менен Сауд Арабиясы «өз ара пайдалуу кызматташтыкты» кеңейтүү боюнча милдеттенмелерин жаңыртты.

Казакстандын президенттик аппаратынын билдирүүсүнө караганда, президент Касым Жомарт Токаев Сауд Арабиянын айыл чарба, экология жана суу ресурстары министри Абдулрахман аль-Фадлини борбор шаар Астанада кабыл алды.

Жолугушууда Токаев сөз болуп жаткан сапар эки өлкөнүн ортосундагы көп кырдуу мамилелерге практикалык түрткү берерин билдирди.

Акыркы жолу Жиддага болгон сапарында Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед Бин Салман менен жолугушуусун эске салган Токаев: «Биз жакын кызматташуу жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы карым-катнаштарды дагы да бекемдөө боюнча макулдаштык»,-деди.

Фадли ошондой эле Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Салмандын Казакстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча милдеттенмелерин да айтты.

Фадли айрыкча азык-түлүк коопсуздугу маселесине токтолуп:«Азык-түлүк коопсуздугу бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө үчүн чоң маселе. Биз Казакстандын бул тармакта маанилүү оюнчу болуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бар деп эсептейбиз»,-деп айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташуу маселелерин жана ошондой эле айыл чарба жана туризм тармагындагы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн  баалашты.



Тектеш кабарлар