Казакстанда эне жана 3 баласын өрттөн куткарган 2 түрк жараны медаль менен сыйланды

Казакстандын Алматы шаарында көп  кабаттуу бир имаратта чыккан өрттө калган эне жана 3 баласын куткарган 2 түрккө көрсөткөн эрдиги үчүн  президент Касым  Жомарт Токаевдин  жарлыгы менен берилген мамлекеттик медаль тапшырылды.

2025460

Алматы губернаторлугунда уюштурулган сыйлык тапшыруу аземинде губернатор Эрболат Досаев шаарда 1 -  августта 16 кабаттуу имаратта чыккан өрттө адамдардын өмүрүн куткаруу үчүн көрсөткөн эрдигинен улам Шүкрү Гүнай менен Халил Йерделенге мамлекеттик медаль тапшырды.

Казакстандын президенттиги президент Токаевдин өрттө адамдарды куткаруу үчүн көрсөткөн  эрдигинен улам экөөсү түр жараны болгон 6 кишини мамлекеттик медаль менен сыйланышына байланыштуу жарлыкка кол койгондугун жарыялаган.

Мамлекеттик медалга ылайык көрүлгөндөрдүн арасында өрт чыккан учурда крандын арканына тырмышып чыгып үстңкү кабатта калган бир энени 3 баласы менен куткарган түрк жарандары Гүнай менен кранчы Йерделен да бар. 

Тектеш кабарлар