Кыргыз-тажик чек ара келишими
Өкмөттүн басма сөз борбору билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасынын 101,9 чакырым тилкеси жыл башынан бери болгон жолугушууларда жана ушул күндөрү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдө аныкталган.
2021753
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы 970 чакырым чек аранын 503 чакырым талаштуу тилкесинин 101,9 чакырымы боюнча келишим түзүлдү.
Өкмөттүн басма сөз борбору билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасынын 101,9 чакырым тилкеси жыл башынан бери болгон жолугушууларда жана ушул күндөрү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдө аныкталган.
2021-жылдын 28-30-апрелинде талаштуу чек ара аймагында чыккан жаңжалдан улам Кыргызстан 2021-жылдын 21-майынан тарта чек ара маселеси чечилгенге чейин Тажикстан менен болгон бажы дарбазаларын жапкан.
Эки өлкөнүн ортосундагы акыркы жаңжал 14-сентябрда башталып, эки тараптан тең ондогон адамдар набыт болгон.