Азербайжан менен Өзбекстан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт

Билдирүүгө караганда, машыгуу Ташкент облусундагы Чирчик полигонунда өтөт.

2017462
Азербайжан менен Өзбекстан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт

Азербайжан менен Өзбекстандын биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөрү кабарланды.

Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, эки өлкөнүн Коргоо министрликтеринин 2023-жылга карата кызматташуу планына ылайык, Өзбекстанда компьютердик колдоо аркылуу биргелешкен машыгуу өткөрүлө турганы белгиленди.

Билдирүүгө караганда, машыгуу Ташкент облусундагы Чирчик полигонунда өтөт.

«UZAZ-2023» деп аталган машыгууда атайын аскердик операцияларды уюштуруу жана өткөрүү темалары ишке ашырылат.

Машыгууга катыша турган азербайжандык аскерлердин Өзбекстанга жеткени маалым болду.



Тектеш кабарлар