Түркмөнстан Транскаспий жаратылыш газ линиясынын пайдалуулугун түшүндүрдү

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги Түркмөн жаратылыш газын Батышка жеткирүү долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу эл аралык басылмалардагы комментарийлерге байланыштуу өз сайтында билдирүү жасады.

2015923
Түркмөнстан Транскаспий жаратылыш газ линиясынын пайдалуулугун түшүндүрдү

Түркмөнстан Транскаспий жаратылыш газ куурунун курулушуна тоскоол болгон эч кандай саясий, экономикалык жана финансылык факторлор жок экенин жарыялады.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги Түркмөн жаратылыш газын Батышка жеткирүү долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу эл аралык басылмалардагы комментарийлерге байланыштуу өз сайтында билдирүү жасады.

Түркмөнстандын Транскаспий куурун куруу идеясын ишке ашыруу үчүн аракет кылып жатканы баса белгиленген билдирүүдө,«Бул максатта Түркмөнстан, Азербайжан жана Евробиримдиктин (ЕБ) ортосунда тиешелүү энергетика ведомстволорунун жетекчилеринен турган үч тараптуу биргелешкен механизм түзүлдү»,деген маалымат орун алган.

Европа Биримдигинин Транскаспий жаратылыш газ кууру долбоорун «келечек берүүчү» долбоорлордун тизмесине киргизүүнүн «табигый» болгондугу белгиленген билдирүүдө, сөз болгон куурдун курулушунун практикалык түрдө уланып жатканы белгиленди.

Министрликтин билдирүүсүндө мындай деп айтылат: «Түркмөнстан жаратылыш газ түтүгүн курууга тоскоолдук кылган саясий, экономикалык жана финансылык факторлор жок деп эсептейт. Тескерисинче, Транскаспий кууру экономикалык жактан негизделген, Евразиянын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга олуттуу салым кошо ала турган, Европалык керектөөчүлөр үчүн чийки зат булактарына узак мөөнөттүү жана үзгүлтүксүз жетүүнү камсыз кылган, өткөөл тараптын ачык-айкын пайдаларын жана кызыкчылыктарын көздөгөн реалдуу долбоор».



Тектеш кабарлар