Кыргызстанда Элдик курултай чечими...

Президент Садыр Жапаров парламент 29-июнда кабыл алган «Элдик курултай жөнүндө» мыйзамга кол койду.

2015700
Кыргызстанда Элдик курултай чечими...

Кыргызстанда өлкөнүн күн тартибине коюлган маселелер боюнча сунуш берүү укугуна ээ болгон Элдик курултайдын статусу жөнүндө мыйзам жактырылды.

Президент Садыр Жапаров парламент 29-июнда кабыл алган «Элдик курултай жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам боюнча Элдик курултайга шайлана турган делегаттардын саны, шайлоонун принциптери, Элдик курултай чече турган маселелер, башкаруу органдары жана Элдик курултайдын мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу тартиби аныкталды.

Кыргызстанда 2021-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумда Элдик курултай деп аталган өкүлчүлүктүү орган түзүү кабыл алынган.

Элдик курултай биринчи жолу 2022-жылдын 25-ноябрында өлкөнүн ичинен жана сыртынан келген 148 аял жана 924 эркек болуп жалпы 1072 делегаттын катышуусу менен чогулду.

Бул биринчи жыйында делегаттар съезддин статусу жөнүндө мыйзамды кабыл алууну сунушташты.

Президент Жапаров Элдик курултай жөнүндөгү мыйзам долбоорун парламентке сунуштаган.



Тектеш кабарлар