Шуша Глобалдык медиа форуму аяктады

Карабахтын символикалуу шаары Шушада өткөрүлгөн «4-Өнөр жай төңкөрүшү доорунда жаңы медиа» аттуу Глобалдык медиа форуму, жалган маалымат менен күрөшүү жана журналисттердин коопсуздугу темалуу панелдерден кийин аяктады.

2014938
Шуша Глобалдык медиа форуму аяктады

Карабахтын символикалуу шаары Шушада өткөрүлгөн «4-Өнөр жай төңкөрүшү доорунда жаңы медиа» аттуу Глобалдык медиа форуму, жалган маалымат менен күрөшүү жана журналисттердин коопсуздугу темалуу панелдерден кийин аяктады.

«Жаңы медиадагы керектөө тенденциялары жана медиа сабаттуулук (дезинформация жана фейк жаңылыктар менен күрөшүү ыкмалары)» аттуу панелде эксперттер медиа чыгарылыштарды өндүрүү, салттуу медиа жана социалдык медиа сунуштаган мүмкүнчүлүктөр, фейк жаңылыктар менен күрөшүү боюнча пикир алмашышты.

“Журналисттердин коопсуздугу” деп аталган панелде кризистик кырдаалдардын коммуникация механизмдерин өркүндөтүү, жаңжал аймактарында журналисттер туш болгон коркунучтар жана чакырыктар тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу, конфликттик кесипкөй журналистиканы өнүктүрүү жана коопсуздук маселелерине арналды.

Азербайжандын ЖМКны өнүктүрүү агенттигинин башчысы Ахмет Исмаилов форумдан кийинки билдирүүсүндө иш-чаранын ачылышын президент Ихам Алиев жасаганын эске салды.

Президент Алиевдин жергиликтүү жана чет элдик журналисттердин суроолоруна жооп бергенин жана Азербайжандагы медиа реформалары тууралуу ой бөлүшкөнүн белгилеген Исмаилов: «Форумда азыркы дүйнөдөгү медианын актуалдуу көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Жасалма интеллекттин журналистикага тийгизген таасири олуттуу талкууланды. Салттуу медиа менен жаңы медианын айырмасы, салттуу медианын келечеги кеңири талкууланды. Форумда медиа сабаттуулук, жалган маалыматка каршы күрөштүн эң маанилүү элементтеринин бири деген пикирлер алдыңкы планга чыкты»,-деп айтты.

Форумда 50 өлкөдөн 250дөн ашык катышуучу орун алды.



Тектеш кабарлар