Татар: "Тынчтык операциясы менен тынчтык румдарга да, түрктөргө да келди"

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар борбор шаар Левкошадагы президенттик кеңсесинде 1974-жылы 20-июлдагы Кипр тынчтык операциясына сереп салды.

2013511
Татар: "Тынчтык операциясы менен тынчтык румдарга да, түрктөргө да келди"

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар түрк аскерлеринин 1974-жылы Кипрде болгон Тынчтык операциясы менен румдарга жана түрктөргө тынчтык алып келгенин айтты.

Татар, борбор шаар Левкошадагы президенттик кеңсесинде 1974-жылы 20-июлдагы Кипр тынчтык операциясына сереп салды.

Татар:"Тынчтык операциясы болбосо, Кипр Гириттен да жаман болмок. Алар аралдан бүт түрктөрдү тазаламак". деди.

Операциянын Кипрде бурулуш болгондугун белгилеген Татар түрк аскеринин күтүлбөгөн жерден келишине рум-грек дуэтинин шаштысы кеткенин айтты.

Түрк элинин 1960-жылдан 1974-жылга чейин Кипрде ар кандай кыргындарды башынан өткөргөнүн жана экономикалык чаралар деген шылтоо менен аралдан сүрүлгөнүн түшүндүргөн Татар, операциянын Түркиянын эл аралык келишимдерден келип чыккан «бир тараптуу» кийлигишүү укугуна ылайык жүргүзүлгөнүн түшүндүрдү.

Эрсин Татар:"Мехметчиктин аралга кадам таштоосу менен румдарга да, түрктөргө да тынчтык келди. Ошол күндөн бери Кипрде эч кандай кагылышуу болгон жок, эч кимдин мурду канабады. Түндүк жана Түштүк болуп Кипр жаңы процесске кирди",-деп айтты.



Тектеш кабарлар