Өзбекстанда эрте добуш берүү процесси аяктады

Өзбекстандын Борбордук Шайлоо Комиссиясы жекшемби күнү боло турган шайлоо үчүн 28-июнда башталган «мөөнөтүнөн мурда добуш берүү» процессинин кечээ кечинде аяктаганын билдирди

2008389
Өзбекстанда эрте добуш берүү процесси аяктады

Өзбекстанда 9 - июлда  мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо үчүн “эрте добуш берүү” процесси аяктады.

Өзбекстандын Борбордук Шайлоо Комиссиясы жекшемби күнү боло турган шайлоо үчүн 28-июнда башталган «мөөнөтүнөн мурда добуш берүү» процессинин кечээ кечинде аяктаганын билдирди.

Билдирүүгө караганда, мөөнөтүнөн мурда добуш берүү учурунда 100 миңи чет өлкөдө болгон 400 миңден ашуун шайлоочу добушун берди.

Өлкөдөгү шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоо күнү катталган аймакта болбой турган шайлоочулар шайлоо борборлоруна арыз берүү менен “эрте добуш берүү” мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана алышат.

30 - апрелдеги референдумда конституциялык өзгөртүү кабыл алынгандан кийин өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган.

Шайлоодо Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясынан кайрадан талапкерлиги көрсөтүлгөн президент Шавкат Мирзиёевден тышкары Элдик демократиялык партиядан Улугбек Инаятов, Өзбекстандын Экология партиясынан Абдушукур Хамзаев жана Адилет социал-демократиялык партиясынан Роба Махмудова ат салышууда.



Тектеш кабарлар