Кыргызстанда Олимпиада оюндарына күрөш боюнча тандоо турнири өтөт
Бүткүл дүйнөлүк күрөш союзунун билдирүүсүнө ылайык, 19-21-апрель күндөрүнүн аралыгында Азия континентинин квалификациялык таймаштары Бишкекте өтөт.
2006470
Кыргызстанда 2024-жылдагы жайкы олимпиаданын күрөш боюнча тандоо турнирлери өтөт.
Бүткүл дүйнөлүк күрөш союзунун билдирүүсүнө ылайык, 19-21-апрель күндөрүнүн аралыгында Азия континентинин квалификациялык таймаштары Бишкекте өтөт.
Кыргызстандын борбору Бишкекте өтө турган турнирдин жыйынтыгында 36 балбанга Олимпиадага жолдомо берилет.
Ошентип Кыргызстан биринчи жолу олимпиададагы квалификациялык оюндарды өткөргөн болот.