Түркмөнстандын акылдуу шаары ачылды

Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабаддын 30 километр түштүк-батышында жайгашкан «Аркадаг» шаарынын ачылыш аземи болуп өттү.

2005264
Түркмөнстандын акылдуу шаары ачылды
Türkmənistan_Arxadağ_ağıllı şəhər.jpg

Түркмөнстанда алдыңкы технологияларды колдонуу менен «акылдуу шаар» концепциясына ылайык курулган «Аркадаг» шаары салтанаттуу түрдө ачылды.

Борбор шаар Ашхабаддын 30 километр түштүк-батышында жайгашкан Аркадаг шаарынын ачылыш аземине Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Качыр, Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу жогорку даражадагы жетекчилер, өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, басма сөз өкүлдөрү жана көптөгөн меймандар катышты.

Президент Бердымухамедов лента кесүү менен шаарды ачып, коноктор менен бирге шаардын айрым имараттарын кыдырып чыкты.

«Аркадаг» шаарынын биринчи этабында социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана маданият мекемелери жана инженердик системалар сыяктуу заманбап курулуштар, ошондой эле 70 миң кишилик эки жана көп кабаттуу 336 турак-жай курулду.

Акылдуу шаар концепциясына ылайык заманбап технологиялык жабдыктар менен жабдылган жана экологиялык жактан таза деп мүнөздөлгөн Аркадаг шаарында электр автобустары жана унаалары кызмат кылат.

«Акылдуу шаар» деп сыпатталган Аркадаг шаарынын статусу «мамлекеттик шаар» катары кабыл алынган.



Тектеш кабарлар