ТКТРнын басма сөзү Эрдогандын сапарына кеңири орун берди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын коомдук телерадиокомпаниясы Байрак радио жана телекөрсөтүү мекемеси (BRT) жана расмий мекемеси Түрк агенттиги Кипр (TAK) президент Эрдогандын кечээки сапарын түз эфир жана башкы кабар катары берди.

1999226
ТКТРнын басма сөзү Эрдогандын сапарына кеңири орун берди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) басма сөзүндө президент Режеп Таййип Эрдогандын 28-майда кайрадан шайлангандан кийинки биринчи чет өлкө сапарын Левкошага жасаганына кеңири орун берилди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын коомдук телерадиокомпаниясы Байрак радио жана телекөрсөтүү мекемеси (BRT) жана расмий мекемеси Түрк агенттиги Кипр (TAK) президент Эрдогандын кечээки сапарын түз эфир жана башкы кабар катары көрүүчүлөргө жана окурмандарга жарыя кылды.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында күн сайын чыгуучу Кипр гезити «Түрк кылымы Түндүк Кипр Түрк Республикасынан башталды» деген баш сөз менен чыкты.

Гезиттин кабарында президент Эрдогандын аралга электр энергиясын алып келүү жөнүндөгү жакшы кабары, «Эржан» аэропортунун жаңы терминалы менен учуу тилкесинин ачылышы жөнүндөгү билдирүү жана Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу менен сүйлөшүүлөрдүн башталышы үчүн Түндүк Кипр Түрк Республикасынын расмий түрдө таанылышы керек деген алдын ала шарт жөнүндөгү сүйлөмдөрү барактарына жазылган.

Күнүмдүк «Диялог» гезити «Өтө маанилүү долбоор» деген баш сөз менен окурмандарына жарыялаган кабарында Эрдогандын Түндүк Кипр Түрк Республикасына кабель менен электр энергиясы алынып келинет жана электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы соңуна чыгат деген сөздөрүн жазган.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында чыккан Гүнеш гезити да «Бирден-бир жол ТКТРди таануу» деген баш сөз менен чыкты.

Гезиттин кабарында президент Эрдогандын Кипрдин Рум башкаруусу менен сүйлөшүүлөрдү баштоо шарты катары билдирген Түндүк Кипр Түрк Республикасын таануу талабынан үзүндүлөр берилди.

Түндүк Кипрдин көптөн бери жарык көргөн гезиттеринин бири «Халкын Сеси» болсо «Эрдогандан Түндүк Кипр Түрк Республикасына толук колдоо» деген баш сөзүндө Түркиянын деңиз астындагы кабели менен аралга электр энергиясын алып келиши, Дериняда 1192 социалдык турак жайдын курулушу, Левкошада курула турган 500 керебеттүү мамлекеттик оорукана долбоору, «Эржан» аэропортунун жаңы терминал имараты жана учуу тилкеси 20-июлга чейин бүткөрүлө турганы жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жарандары Түркиядагы саламаттыкты сактоо кызматтарынан түрк жарандары менен бирдей пайдалана ала турганы жөнүндө темаларга орун берди.



Тектеш кабарлар