ТАНАПтан Түркияга газ ташуу

Мамедов, Анадолу агенттигине маалымат берди.

1998113
ТАНАПтан Түркияга газ ташуу

Азербайжандын Анкарадагы элчиси Решад Мамедов Трансанадолу жаратылыш газ түтүк жолунан (ТАНАП) Түркияга 10,2 миллиард куб метр газ ташыла турганын айтты.

Мамедов, Анадолу агенттигине берген маалыматында Азербайжандан Түркия жана Европага жаратылыш газын ташуу үчүн курулган жана 2018-жылдын 12-июнунда ишин баштаган TANAPтын Баку-Тбилиси-Эрзурум жаратылыш газына интеграцияланышы аркылуу Каспий деңизин Түркия менен бириккендерин айтты.

Мамедов бул долбоордун Түркиянын энергетикалык коопсуздугун бекемдеп, Азербайжандын чет өлкөгө газ сатуусуна шарт түзөрүн билдирди.

ТАНАП ишке киргенден бери 22си Түркияга, 24ү Европага жалпы 46 миллиард куб метр газ ташылганын баса белгилеген Мамедов: «Жаңы сандарды карай турган болсок, көлөмүнүн абдан көбөйгөнүн көрүүгө болот. Быйылкы жылы ТАНАП аркылуу Түркияга, 12 миллиард кубометр, Европага 10,2 миллиард кубометр жалпы 22,2 миллиард кубометр газ экспорттоо күтүлүүдө. ТАНАПтын келерки жылдарда азыркы 16 миллиард куб метрден эки эсеге көбөйтүү планы Түркиянын жаратылыш газ борборуна айланышына чоң салым кошот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар