Өмүралиев Азербайжанды эгемендүүлүгүнүн 105 жылдыгы менен куттуктады

Өмүралиев жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Азербайжандын 1918-жылы эгемендик жарыялоосунун түрк жана ислам дүйнөсүндөгү алгачкы демократиялык жумурияттын түзүлүүүсү жагынан маанисине көңүл бурду.

1991928
Өмүралиев Азербайжанды эгемендүүлүгүнүн 105 жылдыгы менен куттуктады

Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) баш катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев 1918-жылы 28-майда Азербайжанда жарыяланган эгемендүүлүктүн 105 жылдыгын белгиледи.

Өмүралиев жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Азербайжандын 1918-жылы эгемендик жарыялоосунун түрк жана ислам дүйнөсүндөгү алгачкы демократиялык жумурияттын түзүлүүүсү жагынан маанисине көңүл буруп, төмөнкү сөздөрдү айтты:

«Эгемендүүлүк кайрадан калыбына келтирилгенден бери саясий, экономикалык жана социалдык тармактарда чоң ийгиликтерге жетишкен Азербайжан Республикасы, президент Илхам Алиевдин аймакта жана анын чегинен тышкаркы жерлерде тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыздоого багытталган сарамжалдуу жана ырааттуу саясатынын негизинде дагы өнүккөн жана маанилүү актерго айланды. Ушуга байланыштуу Азербайжан Республикасынын Түрк Мамлекеттери Уюмуна үзгүлтүксүз колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем жана бардык Азербайжан элине бакубатчылык жана бакыт каалайм».



Тектеш кабарлар