Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт
Шавкат Мирзиёев кол койгон жарлыкка ылайык, президенттик шайлоо 9-июлда өткөрүлөт.
1984380
Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 9-июлда өткөрүү чечими кабыл алынды.
Өлкөдө 30-апрелдеги референдум менен конституциялык өзгөртүү күчүнө киргенден кийин президент Шавкат Мирзиёев кол койгон жарлыкка ылайык, президенттик шайлоо 9-июлда өткөрүлөт.
Референдумда президенттин айрым ыйгарым укуктары парламентке берилип, кызмат мөөнөтү 5 жылдан 7 жылга чейин көбөйтүлгөн.