Мишель Алиев жана Пашинян менен жолугушат

Европа Кеңешинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жаңы жолугушуунун 14-майда өткөрүлөрү белгиленди.

1984445
Мишель Алиев жана Пашинян менен жолугушат

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 14-майда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Биримдиги (ЕБ) кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен жолугушат.

Европа Кеңешинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жаңы жолугушуунун Мишелдин Алиев жана Пашинян менен уланткан диалогдун алкагында 14-майда өткөрүлөрү белгиленди.

Билдирүүдө 1-июнда Молдовада өтө турган Европа саясий шериктештигинин (АСТ) саммитинин алкагында үчөөнүн, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц менен да жолугаары маалымдалды.

Ошондой эле Мишелдин Европа саясий шериктештигинин Испанияда октябрь айында өтө турган кезектеги жыйынында Азербайжан жана Армениянын лидерлери менен Германия жана Франциянын лидерлеринин жолугушуусун сунуштаганы кабарланды.

Алиев менен Пашинян Мишелдин жетекчилигинде эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу маселелерди чечүү үчүн алгач 2021-жылдын 14-декабрында жолугушкан. Үч тараптуу акыркы жолугушуу 31-августта болгон.



Тектеш кабарлар