Азербайжанда мина жарылды
Минанын жарылышы менен 3 киши каза болду.
1980887
Экинчи Карабах согушунда оккупациядан куткарылган Талыш айылынын элетинде оккупация мезгилинде армян күтөрү жайгаштырган минанын жарлышы менен 3 киши каза болду.
Азербайжан башкы прокурорлугунан берилген маалыматта 3 кишинин танкка каршы минанын жарылышы менен каза болгондугу, окуя тууралуу териштирүүнүн баштатылгандыгы билдирилди.
Каза болгон кишилердин Азербайжан мина тазалоо агенттиги менен кызматташканбир Британия фирмасынын азербайжандык кызматкерлери экендиги маалымдалды.
Акыркы жоготуулар менен Экинчи Карабах согушунан кийин армян күчтөрү жайгаштырган миналардын жарылышынан улам каза болгондордун саны 54кө жетти.