Өзбекстан 2023-жылы Россиядан 300 миң тонна мунай алат

Убайдуллаев орус мунайынын 2023-жылы Өзбекстанга ташыла турганын айтып, мунайдын баасы тууралуу эч кандай маалымат берген жок.

1980716
Өзбекстан 2023-жылы Россиядан 300 миң тонна мунай алат

 

Өзбекстан быйыл Россиядан 300 миң тонна мунай импорттойт.

Ташкентте өткөн INNOPROM өнөр жай жарманкесинде Өзбекстандын Энергетика министрлигинин жооптуу кызматкери Ахдам Убайдуллаев министрлик менен Газпромнефттин ортосунда 2023-жылы Россиядан 300 миң тонна мунай жеткирүү боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди.

Убайдуллаев орус мунайынын 2023-жылы Өзбекстанга ташыла турганын айтып, мунайдын баасы тууралуу эч кандай маалымат берген жок.

2022-жылдын декабрь айында Өзбекстан Казакстан менен 300 миң тонна казак мунайы жана Казакстандын аймагы аркылуу Өзбекстанга 300 миң тонна орус мунайын ташуу боюнча келишим түзгөн.

Өзбекстандын мунай өндүрүшү акыркы жылдарда бир топ азайып, Өзбекстандын мамлекеттик мунай жана газ компаниясы Өзбекнефтгаз 2022-жылы 100 миң тонна мунай өндүрүп, бул жылы   мунай өндүрүүнүн  39 пайызга азаюу менен 61 миң тонна болушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар