Касым Жомарт Токаев ички коопсуздук, коргоо жөндөмдүүлүгүнүн күчтөндүрүлүшү керектигин айтты

Токаев мамлекеттин бардык жогорку баскычтары менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча жыйын өткөрдү.

1977212
Касым Жомарт Токаев ички коопсуздук, коргоо жөндөмдүүлүгүнүн күчтөндүрүлүшү керектигин айтты

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев ички коопсуздук, коргоо жөндөмдүүлүгүнүн күчтөндүрүлүшү, Казакстандын жана Орто Азиянын эл аралык аренадагы кадыр-баркын көтөрүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.

Токаев мамлекеттин бардык жогорку баскычтары менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча жыйын өткөрдү.

Казакстандын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнө токтолгон Токаев азыркы мезгилде эски программалардын иштебей калганын жана өлкөнүн жаңы улуттук өнүгүү планы иштелип чыга турганын айтты.

Касым Жомарт Токаев дүйнөдө соода тоскоолдуктары көбөйүп, мамлекеттер ортосунда бири-бирине ишенбөөчүлүктүн күчөп баратканын, азык-түлүк боюнча тышка көз каранды экендерин, өкмөттүн эң маанилүү приоритетинин ата мекендик өндүрүштүн үлүшүн көбөйтүү экенин белгиледи.

Токаев «Капиталын чет өлкөгө чыгаргандарга» кайрылып, эгерде өлкөгө инвестиция сала турган болсо  аларга каршы эч кандай чара көрүлбөй турганына убада берди.

Дүйнөдө олуттуу өзгөрүүлөрдүн болуп жатканын белгилеген президент Токаев: «Ошондуктан ички коопсуздукка, коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого, Казакстандын жана Орто Азиянын эл аралык аренадагы кадыр-баркын көтөрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек»,- деди.



Тектеш кабарлар