Түркмөнстанда 463 туткунга мунапыс берилди
Президент Бердымухамедов кылмыш жасап, кылган ишине өкүнүп, чын жүрөктөн тобо кылган жарандарга өлкөдө салт боюнча улуттук майрамдардын алдында кечирим берилгенин айтты.
1975460
Түркмөнстанда президент Сердар Бердымухамедов кол койгон жарлык менен 17-апрелде боло турган Кадыр түнгө байланыштуу 463 туткунга мунапыс жарыяланды.
Президент Бердымухамедов кылмыш жасап, кылган ишине өкүнүп, чын жүрөктөн тобо кылган жарандарга өлкөдө салт боюнча улуттук майрамдардын алдында кечирим берилгенин айтты.
Жарлыкка кол койгондон кийин Сердар Бердымухамедов мунапыс алган 463 жарандын тез арада үйлөрүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө кайтарылышы үчүн бардык зарыл иштерди жасоону тапшырды.
Бердымухамедов 17-апрель Кадыр түнү менен мунапыс алган жарандарга ак ниеттүүлүк менен эмгектенип, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу иштерге салым кошууну жана Түркмөнстанга чын жүрөктөн кызмат кылууну каалады.