Азербайжандын тышкы иштер министрлигинин катчысы Айхан Хажызаде 2 аскер тууралуу билдирди
Твиттер эсебинен билдирүү жасаган Хажызаде бир нече күн мурда Нахчывандын Шахбуз району багытында жоголгон аскерлердин Армения тарабынан кармалгандыгын маалымдады.
1974615
Азербайжандын тышкы иштер министрлигинин катчысы Айхан Хажызаде Армения тарабынан кармалган 2 Азербайжан аскеринин зомбулукка жана кыйноого дуушар болгондугун билдирди.
Твиттер эсебинен билдирүү жасаган Хажызаде бир нече күн мурда Нахчывандын Шахбуз району багытында жоголгон аскерлердин Армения тарабынан кармалгандыгын маалымдады.
Хажызаде : "Аскерлерибиз зомбулукка жана кыйноого учурады. Мындай катаал мамиле эл аралык гуманитардык укукка терс, кабыл алынгыс жана эл аралык деңгээлде айыптоо керек", - деди.
Азербайжандын Коргоо министрлиги катаал аба ырайы жана көрүү мүмкүнчүлүгү чектүү болгондуктан 2 аскердин дайынсыз жоголгонун жарыялаган.
Арменияда кармалып, ур-токмокко алынган аскерлердин сүрөттөрү социалдык тармактарда тарады.