Казакстанда өкмөт башчысы болуп Алихан Исмаилов кайрадан шайланды

Казакстандын президенттик аппаратынын билдирүүсүнө караганда, президент Касым Жомарт Токаев Аманат партиясынын төрагасы Ерлан Кошановду кабыл алды.

1967462
Казакстанда өкмөт башчысы болуп Алихан Исмаилов кайрадан шайланды

Алихан Исмаилов Казакстандын өкмөт башчысы болуп кайра дайындалды.

Казакстандын президенттик аппаратынын билдирүүсүнө караганда, президент Касым Жомарт Токаев "Аманат" партиясынын лидери Ерлан Кошановду кабыл алды.

Кошанов жолугушууда партия катары премьер-министрликке Алихан Исмаиловду талапкерликке көрсөтүү чечими кабыл алынгандыгын билдирди.

Президент Токаев кийинчерээк парламент имаратында премьер-министрликке талапкер тууралуу  кеңешүү үчүн парламенттеги 6 саясий партиянын жетекчилери менен жолугушту.

Андан кийин парламенттин сесияны катышкан Токаев премьер  - министрликке Исмаиловду сунуштады.

Исмаиловдун премьер-министрлик кызматына добуш берүүгө катышкан 97 депутаттын 7си каршы, 82си макул  добуш берип, сегиз депутат калыс болду.

Ушундайча Исмаилов кайрадан премьер  - министр болуп дайындалды.

Президенттиктен берилген башка маалыматта Токаевдин парламенттеги добуш берүүдөн кийин исмаиловдун премьер  - министр катары дайындалышына байланыштуу жарлыкка кол койгондугу билдирилди.

Өлкөдө 19 -  мартта болгон парламенттик шайлоодон кийин конституция боюнча кечээ Казакстан өкмөтү арызын берген.

 



Тектеш кабарлар