Казакстанда Алихан Исмаилов жетектеген өкмөт отставкага кетти

Президент Касым Жомарт Токаев конституция боюнча 19-мартта өткөн парламенттик шайлоодон кийин Алихан Исмаилов башында турган өкмөттүн отставкасын бекиткен жарлыкка кол койду.

1966864
Казакстанда Алихан Исмаилов жетектеген өкмөт отставкага кетти

 

Казакстан президенттигинин билдирүүсүнө караганда, президент Касым Жомарт Токаев конституция боюнча 19-мартта өткөн парламенттик шайлоодон кийин Алихан Исмаилов башында турган өкмөттүн отставкасын бекиткен жарлыкка кол койду.

Жарлыкта өкмөттүн парламенттин жаңы кабинет мүчөлөрүн бекиткенге чейин кызматын аткара тургандыгы билдирилди. 

Президент Токаев парламенттин төмөнкү палатасынын 8-мөөнөтүнүн ачылышында жасаган билдирүүсүндө, шайлоодо эң көп добуш алган «Аманат» партиясынын премьер-министрликке талапкер көрсөтүүсү саясий жоопкерчиликтин зарылчылыгы экенин белгиледи.

Парламенттин төмөнкү палатасы Парламенттин 8-мөөнөтүнүн ачылыш сессиясында депутаттар жашыруун добуш берүү менен жаңы спикерди шайлашты.

Сессияда 98 депутаттын колдоосуна ээ болгон бийликтеги  "Аманат" партиясынын төрагасы Косанов кайрадан  спикер болуп шайланды.

 



Тектеш кабарлар