Илхам Алиев батыштык өлкөлөрдү сынга алды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Франциянын Азербайжанга каршы мамилесин сынга алды.

1966399
Илхам Алиев батыштык өлкөлөрдү сынга алды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев кээ бир Батыш өлкөлөрүнүн, өзгөчө Франциянын Азербайжанга каршы мамилесин сынга алып : "Биз менен эч ким ультиматум тили менен сүйлөшө албайт. Муну биз Арменияга 2-Карабах согушунда жана согуштан кийинки 2,5 жылда Армениянын коргоочуларына далилдедик",- деди.

Алиев Лачында да кеңири реконструкция жана кайра жандандыруу иштерин баштагандарын, жерлерин таштап кетүүгө аргасыз болгон жарандардын кыска убакытта аймакка кайтып келерин, Азербайжан мамлекетинин аларга ыңгайлуу жашоо шарттарын түзө турганын белгиледи.

Көптөгөн жылдар жүргүзүлгөн сүйлөгүү процессинде ортомчулардын Лачынга башка мамиле кылгандыгын, Армениянын болсо Лачынды Азербайжанга  берүүнү каалабагандыгын эске салган Алиев : «Эл аралык ортомчулар, ЕККУнун Минск тобу чындыгында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен бул оккупацияны бекемдөөгө аракет кылышкан. Эми баары ачыкка чыкты. Франциянын Азербайжанга карата адилетсиз жана терс мамилеси кокусунан эмес. Оккупация учурунда алар бул мамилесин жашырып, бизди жаңылтууну каалашкан»,- деди.

Алиев 2-Карабах согушунан бери 2,5 жыл ичинде Азербайжанга каршы кампаниялардын жүргүзүлгөнүн айтып : "Мунун баары көз алдында. Европа Парламенттин Азербайжанга каршы кабыл алган айрым чечимдер армян жактоочусу, коррупциялык жана Азербайжанга каршы топтун аракеттери жана башкы ролду франциялык депутаттар ойноп жатат",- деди.

Айрым батыштык өлкөлөрдүн Азербайжанга карата мамилесин бүгүнкүдөй болбосо да оккупация мезгилинде да сезишкендерин айткан Алеив : «Өлкөлөрдүн мынчалык эки жүздүү жана жалганчы болорун ойлогон эмеспиз. Булар адамдын жүзүнө карап бир нерсе айтып, артына карап башка нерсе кыла алашыт»,- деди.

2 - Карабах согушунан кийинки 2,5 жылда бүт дүйнөнүн баарын көргөнүн белгилеген Алиев : "Азербайжанга каршы күчтөр да биздин күчтүү эркибизди көрүштү. Эч ким биздин эркибизге таасир эте албайт. Биз менен эч ким ультиматум тили менен сүйлөшө албайт. Муну биз Арменияга 2-Карабах согушунда, согуштан кийин 2,5 жылдын ичинде да Армениянын коргоочуларына  далилдедик»,- деди.



Тектеш кабарлар