Азербайжан Израиль Иранга каршы ыктымал кол салууда өз өлкөсүнүн аймагын пайдалана албасын билдирди

Израилдин The Jerusalem Post гезитине берген маегинде Мамедов Израилден ири өлчөмдөгү курал-жарак импорту үчүн Азербайжан бул өлкөгө аскердик операцияларына жардам берүү үчүн аэропорт даярдап жатат деген кабарларды четке какты.

1959020
Азербайжан Израиль Иранга каршы ыктымал кол салууда өз өлкөсүнүн аймагын пайдалана албасын билдирди

Азербайжандын Израилдеги элчиси Мухтар Мамедов Израиль Иранга каршы ыктымал кол салууда өз өлкөсүнүн аймагын пайдалана албасын билдирди.

Израилдин The Jerusalem Post гезитине берген маегинде Мамедов Израилден ири өлчөмдөгү курал-жарак импорту үчүн Азербайжан бул өлкөгө аскердик операцияларына жардам берүү үчүн аэропорт даярдап жатат деген израилдик маалымат каражаттарындагы кабарларды четке какты.

Жакынкы убакта Азербайжандын Тель-Авивдеги элчиси болуп дайындалды Мамедов: «Азербайжан башынан эле башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишпей турганын жана өз аймагын башка өлкөлөргө каршы колдонууга жол бербей турганын жарыялаган. Анткени биз башка өлкөлөрдөн да биздин ички иштерибизге кийлигишпөөсүн күтөбүз»,-деди.

Мамедов массалык маалымат каражаттарында тескерисинче айтылган айыптоолорду «негизсиз» деп билдирди.

Израилден курал алып келүүнүн кадыресе көрүнүш экенине көңүл бурган Азербайжан элчиси: «Ар бир өлкө өзүнүн аймактык бүтүндүгүн жана жарандарынын эгемендигин коргоо жана колдоо үчүн жооптуу. Азербайжан да андан сырткары эмес. Израиль көп сандагы курал-жарак өндүрөт. Ошондуктан бул куралдарды Израилден сатып алуу нормалдуу көрүнүш»,-деп айтты.

2020-жылдын 27-сентябрында башталып 44 күнгө созулган Экинчи Карабах согушунда Азербайжан 30 жыл мурда Армения басып алган жерлерин бошоткон.

Ошол күндөн бери Ирандын Азербайжанга болгон мамилеси жана чек арадагы аскердик машыгуулары эки өлкөнүн алакасындагы чыңалууну күчөттү.

Иран тарабынан расмий түрдө «күнүмдүк машыгуулар» деп мүнөздөлгөн аскердик күч көрсөтүүсү Азербайжан тарабынан Арменияга колдоо көрсөтүү жана Ирандын бул чек ара аймагындагы өзгөрүүлөрдү кабыл албай турганы катары кабыл алынды.



Тектеш кабарлар