Алиев : "Азчылыктар конституциялык кепилдикке алынган"

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөсүндөгү бардык азчылыктардын конституциялык кепилдикке алынгандыгын айтты.

1957337
Алиев : "Азчылыктар конституциялык кепилдикке алынган"

 Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөсүндөгү бардык азчылыктардын конституциялык кепилдикке алынгандыгын айтты.

Алиев борбор шаар Бакуда өткөрүлгөн 10 - Глобалдык Баку форумунун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Армения менен Азербайжандын ортосундагы маселелер жана 2 - Карабах согушуна токтолду.

Дүйнөдөгү кагылышуулардын согуш же тынчтык жолу менен жыйынтыкталгандыгын белгилеген Алиев : «Биз Армениянын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин «Армения армиясынын Азербайжандан эч кандай шартсыз чыгуусу» жөнүндөгү токтомдорун ишке ашыруусун кааладык. Бирок Армения бул чечимдерди этибарга алган жок. Чечим үчүн түзүлгөн ЕККУнун Минск тобу (Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму) да эч кандай жыйынтыкка жетишкен жок. Биз туура деп билгенибизди жасадык. Өз жерлерибизди  күч менен кайтарып алдык»,-деди.

Алиев Армениянын оккупациясы мезгилинде Азербайжан жерлеринде жасаган кыйроолоруна да токтолуп: «Азербайжан элинин өч алууга моралдык укугу бар. Бирок биз өчүбүздү согуш талаасында алдык. Биз эч кандай согуш кылмышы кылган жокпуз.  Армения сыяктуу геноцид кылган жокпуз, азыр болсо тынчтык мезгили. Согуштан кийин тынчтыкты орното алабыз деп ойлойм»,- деди.  

Алиев Азербайжандагы армян калкы тууралуу : "Азербайжанда бардык азчылыктар конституциялык кепилдикке алынган. Азербайжанда түрдүү диний жана этникалык топтор тынчтык ичинде жашап жатат. Азербайжандын Карабах аймагындагы армяндардын жашоосу да оккупация мезгилиндегиден дагы жакшы болот",- деди.  



Тектеш кабарлар