Казакстан Германияга мунай ташууда

KazTransOil үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде Германияга 300 миң тонна мунай жөнөтүүнү пландап жатканын билдирген.

1952259
Казакстан Германияга мунай ташууда

Казакстан Германияга мунай ташый баштады.

Казакстандын улуттук КазТрансОйл компаниясынын билдирүүсүндө, 25-февралда 20 миң тонна казак мунайынын Германияга экспорттолушу үчүн Польшанын чек арасындагы Адамова Застава мунай терминалына жөнөтүлгөнү белгиленди.

Билдирүүдө мунайдын Адамова Застава терминалына өткөрүлүшү үчүн Орусиянын мунай жана газ транспорттук компаниясы Транснефтинин куурларына куюлганы кабарланды.

Ошондой эле билдирүүдө «КазТрансОйлдын» «Транснефть» менен 2023-жылы ушул эле багыт менен 1,2 миллион тонна казак мунайын Германияга ташуу боюнча макулдашканы айтылды.

KazTransOil үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде Германияга 300 миң тонна мунай жөнөтүүнү пландап жатканын билдирген.

Буга чейин немис тарап Казакстандын өкмөтү менен Германиянын чыгышындагы Шведт мунай иштетүүчү заводуна «Дружба» мунай кууру аркылуу казак мунайынын туруктуу ташылышы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.



Тектеш кабарлар