Шавкат Мирзиеев Кыргызстанда
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Кыргызстандын борбору Бишкектеги «Ата-Бейит» улуттук тарых жана эстелик комплексинде болду.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Кыргызстандын борбору Бишкектеги «Ата-Бейит» улуттук тарых жана эстелик комплексинде болду.
Кыргызстандын президенти Садыр жапаров жана жубайы Айгүл Жапарова Мирзиеев менен жубайы Зироат Мирзиееваны эл аралык манас аэропортунан тосуп алды.
«Ата-Бейит» улуттук тарыхый - мемориалдык комплексине (Аталар көрүстөнүнө) барган Мирзиеев «1916 - жылдагы каргашалуу окуяда каза болгондорго» арналып курулган Үркүн эстелигине гүлчамбар койду.
Орус падышачылыгына каршы көтөрүлүштө каза болгон жана өлкөдө «1916 - жылдагы трагедиялуу окуяда курман болгондор» деген ат менен белгилүү Үркүн монументине гүлчамбар койду.
Мирзиеев эртең өзү үчүн өткөрүлө турган расмий аземден кийин жекеме- жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрөт.
Эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерге кол коюу аземи жана биргелешкен маалымат жыйынынан кийин Мирзиеевдин урматына расмий сый тамак берилет.
“Ата-Бейит” улуттук тарыхый - мемориалдык комплекси 2000 - жылы Советтер Союзунун лидери Иосиф Сталиндин тушунда атылган кыргыз интеллигенциясынын элесине арналып курулган.