ТМУнун башкы катчысы Өмүралиев Өзбекстандын президенти менен жолугушту

Өзбекстандын президенттик аппаратынан берилген маалыматка караганда Мирзиёев Экономикалык Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлер жыйынынын алкагында борбор шаар Ташкентте болгон Өмүралиев менен жолугушту.

1937720
ТМУнун башкы катчысы Өмүралиев Өзбекстандын президенти менен жолугушту

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

Өзбекстандын президенттик аппаратынан берилген маалыматка караганда Мирзиёев Экономикалык Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлер жыйынынын алкагында борбор шаар Ташкентте болгон Өмүралиев менен жолугушту.

Жолугушууда Мирзиёев менен Өмүралиев Өзбекстандын ТМУга төрагалык мөөнөтүндөгү артыкчылыктуу максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга байланышкан маселелерди талкуулашты.

Уюмдун өнүгүүсүндө жаңы доорду баштаган 11-ноябрда Өзбекстанда өткөн Самарканд саммитинин жыйынтыгын жолугушууда маанилүү деп тапканын белгилеген Өмүралиев, саммитте уюмдун мындан аркы өнүгүүсүнө шарт түзө турган маанилүү документтерге кол коюлганын эске салды.

Өмүралиев уюмдун алкагында кызматташуу жана өнөктөштүк потенциалын ишке ашыруу үчүн Өзбекстан менен тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдирди.



Тектеш кабарлар