Виктор Орбан ТМУнун башкы катчысы Өмүралиевди кабыл алды
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Түрк Мамлекеттери Уюмунун (TМУ) баш катчысы Элчи Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алуусунда, ТМУнун иш-чараларына активдүү катышууга даяр экендиктерин билдирди.
Венгриянын премьер-министри Орбан ТМУнун башкы катчысы Өмүралиевди кабыл алды
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Түрк Мамлекеттер Уюмунун (TМУ) баш катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алуусунда, ТМУнун иш-чараларына активдүү катышууга даяр экендиктерин билдирди.
ТМУнун билдирүүсүндө Орбан Өмүралиевди Будапештте өткөн жыйында ТМУнун башкы катчылыгына дайындалышы менен куттуктады.
Орбан Венгриянын түрк дүйнөсү менен болгон карым-катнаштарын өнүктүрүүгө маани бергендигин баса белгиледи.
Венгриянын TМУнун алкагында экономикалык, соода жана инвестициялык карым-катнаштарын өнүктүрүүнү улантып жатканын белгилеген Орбан уюм ичиндеги иш-чараларга активдүү катышууга даяр экендиктерин белгиледи.
Өмүралиев Венгриянын көптөгөн демилгелерге лидерлик кылганын жана түрдүү кызматташтык иш-чараларына активдүү катышканын белгиледи.