Ашхабадда өткөн «Диалог-тынчтыктын кепилдиги» конференциясынын жыйынтык документи БУУда кабыл алынды

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, 11-декабрда Ашхабадда өткөн «Диалог-тынчтыктын кепилдиги» аттуу эл аралык конференцияда кол коюлган жыйынтык документ БУУнун 77-Башкы Ассамблеясында расмий документ катары кабыл алынды.

1931414
Ашхабадда өткөн «Диалог-тынчтыктын кепилдиги» конференциясынын жыйынтык документи БУУда кабыл алынды

Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөн «Диалог кепилденген тынчтык» аттуу эл аралык конференцияда кол коюлган жыйынтык документ Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында расмий документ катары кабыл алынды.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, 11-декабрда Ашхабадда өткөн «Диалог-тынчтыктын кепилдиги» аттуу эл аралык конференцияда кол коюлган жыйынтык документ Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарындагы БУУнун 77-Башкы Ассамблеясында расмий документ катары кабыл алынды.

Конференцияда кол коюлган жыйынтык документи БУУнун уставынын негизги максаттарын жана принциптерин чагылдырат, анда талаш-тартыштарды тынчтык жолдор жана ыкмалар менен чечүү боюнча милдеттенмелер камтылган. Бул контекстте документ БУУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди жана кызматташтыкты чыңдоодо инклюзивдик диалогдун маанилүү ролун анын түрдүү формалары аркылуу баса белгилейт.

Түркмөнстандын демилгелери менен 6-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-отурумунун 45-жыйынында «2023 – Тынчтыктын кепилдиги катары Эл аралык диалог жылы» резолюциясы кабыл алынган.

Жогоруда айтылган эл аралык конференция 12-декабрдагы «Калыстык күнүнүн» алдында өткөрүлүп, өлкө тышкы саясатта бейтараптуулук принциптерине таянып аймакта жана эл аралык аренада тынчтыкты колдой турганы айтылды.

Түркмөнстандын бейтараптык статусу 1995 жана 2015-жылдары БУУнун Башкы ассамблеясына мүчө мамлекеттер тарабынан эки жолу катталган жалгыз өлкө.



Тектеш кабарлар