Азербайжандан Францияга нота

Бул өлкөнүн Бакудагы элчиси Анн Буайонду Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

1925038
Азербайжандан Францияга нота

Француз саясатчыларынын Азербайжанга карата терс мамилесинен улам Азербайжан бул өлкөнүн Бакудагы элчиси Анн Буайонду Тышкы иштер министрлигине чакыртты.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Франциядагы ар кандай саясий чөйрөлөрдүн жалаа жана каралоого негизделген үгүттөрүнүн кеңейип уланышына карата ыңгайсыздык элчи Буайонго билдирилип, нааразылык нотасы берилди.

Билдирүүдө, Буайонго бир нече күн мурда Франция парламентинде өкүлдүк кылынган саясий күчтөрдүн лидерлеринин атынан Франциянын президенти Эммануэль Макронго жолдонгон катта, Азербайжанга каршы негизсиз айыптоолор, Азербайжандын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө шек келтирген кадамдардын ташталышына карата чакырыктын кабыл алынгыс экени айтылды.

Буайон менен жолугушкан министрликтин жооптуу кызматкерлери да Азербайжанга каршы үгүттүн дароо токтотулушу үчүн Франциянын өкмөтүнөн зарыл чараларды көрүү талабын билдиришти.



Тектеш кабарлар