Өзбекстанда министрликтер менен мамлекеттик мекемелердин саны кыскартылат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев тарабынан кол коюлган мамлекеттик башкаруудагы структуралык реформалар тууралуу жарлык 1-январдан тарта күчүнө кирет.

1923232
Өзбекстанда министрликтер менен мамлекеттик мекемелердин саны кыскартылат

1-январдан тарта Өзбекстанда министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин саны 61ден 28ге кыскарат.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев тарабынан кол коюлган мамлекеттик башкаруудагы структуралык реформалар тууралуу жарлык менен 2023-жылдын 1-январынан тарта өкмөткө караштуу министрлик жана мамлекеттик мекемелердин санын 61ден 28ге кыскартуу чечими кабыл алынды.

Ага ылайык, 25 министрликтин саны 21ге чейин кыскарып, айрым мамлекеттик мекемелер бириктирилип, 20 мамлекеттик мекеме жоюлат.

Жарлыкка ылайык, жаңы жылдын биринчи күнүнөн тарта башкаруунун профессионалдык принциптерине негизделген жана эффективдүүлүккө багытталган министрликтер менен мамлекеттик мекемелерди камтыган система түзүлөт. Министрликтерде жана мамлекеттик мекемелерде административдик кызматкерлердин, анын ичинде жетекчилердин саны 30 пайызга кыскартылат.

Учурдагы 8 вице-премьер-министр жана 3 премьер-министр кеңешчисинин ичинен 4 вице-премьер-министр гана калат. Министрлер кеңешинин аткаруу бийлигине караштуу 269 персонал эки эсеге кыскарып, 120 адамдан турган Премьер-министрлик катчылык түзүлөт.



Тектеш кабарлар