Алиев Лачын жолунда болгон окуя күн сыяктуу ачык экенин айтты

Алиев, Совет доорунда Армениядан сүрүлгөн азербайжандар тарабынан түзүлгөн Батыш Азербайжан коомчулугуна мүчө болгон бир топ интеллигенция менен жолугушту.

1923265
Алиев Лачын жолунда болгон окуя күн сыяктуу ачык экенин айтты

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Лачын жолунда болгон окуя күн сыяктуу ачык экенин айтты.

Алиев, Совет доорунда Армениядан сүрүлгөн азербайжандар тарабынан түзүлгөн Батыш Азербайжан коомчулугуна мүчө болгон бир топ интеллигенция менен жолугушту.

Жыйында сөз сүйлөгөн Алиев, Лачын коридорунда болуп өткөн окуялардын Азербайжанга каршы истерияга себеп болгонун, Армения жана анын артында турган башка мамлекеттердин Азербайжанга карата каралоо кампаниясын баштаганын белгиледи.

Алиев Бириккен Улуттар Уюмунда Азербайжанга каршы жаңы провокация даярдалганын, кээ бир өлкөлөрдүн бир нече күндөн бери Азербайжанга каршы ыпылас планын ишке ашырууга чечкиндүү экенин белгиледи.

Бул өлкөлөрдүн ийгиликке жетпегенин, бирок бул темада келерки аптада аракет кыла тургандарын белгилеген Алиев: «Лачын жолунда болгон окуя күн сыяктуу ачык көрүнүп турат. Бул биздин мыйзамдуу укугубуз. Жаратылыш байлыктарыбыз колдонулуп, ташылып жатат. Жаратылыш байлыктарыбызды иштетип жаткандар эл аралык укуктун каалаган принциби боюнча кылмышкерлер. Анткени бул жер биздин жер катары таанылган. Биздин мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн ал жерде (шахталар) текшерүүлөрдү жүргүзүүүсү боюнча укуктуу талабыбыз бар. Ал жерде эмне болуп жатканын көрүүнү талап кылабыз жана бул мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотуу керек. Бул биздин мыйзамдуу талабыбыз»,-деп айтты.

Азербайжан 10-декабрда армян калкы жашаган жана орус күчтөрү убактылуу жайгаштырылган Азербайжандын аймагындагы кендердин мыйзамсыз иштетилишин жана анын натыйжасында экологияга келтирилген зыянды иликтөө жана көзөмөлдөө максатында аймакка эксперттик топторду жөнөткөн, бирок бул топтун аймакка кирүүсүнө армяндар бөгөт коюшкан.

Бул кырдаалдан кийин Азербайжандын экологиялык бейөкмөт уюмдарынын мүчөлөрү жана активисттер Азербайжандагы кендердин мыйзамсыз иштетилишине бөгөт коюу талабы менен 12-декабрда Лачын коридорунда нааразылык акциясын башташкан.



Тектеш кабарлар