Кыргызстанда грипп эпидемиясынан улам дистанттык билим берүү...

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз борбору тараткан билдирүүдө сасык тумоо эпидемиясына байланыштуу башталгыч, орто жана жогорку мектептерде дистанттык билим берүү 28-декабрга чейин улана турганы айтылды.

1923231
Кыргызстанда грипп эпидемиясынан улам дистанттык билим берүү...

Кыргызстанда сасык тумоо эпидемиясына байланыштуу мектептерде аралыктан окутуунун мөөнөтү 28-декабрга чейин узартылды.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз борбору тараткан билдирүүдө сасык тумоо эпидемиясына байланыштуу башталгыч, орто жана жогорку мектептерде дистанттык билим берүү 28-декабрга чейин улана турганы айтылды.

Билдирүүдө борбор калаа Бишкектин сыртында убактылуу токтотулган бетме-бет окуу мектептердеги райондук же облустук санитардык-эпидемиологиялык текшерүүдөн кийин кайра жанданышы мүмкүн экендиги белгиленген.

Сасык тумоо эпидемиясына байланыштуу өткөн жумада мамлекеттик мектептерде 24-декабрга чейин карантин жарыяланып, бала бакчалар да жабылган.



Тектеш кабарлар