Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер союздук деңгээлге көтөрүлдү

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев расмий сапар менен барган Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Эки лидер бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүштү.

1922816
Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер союздук деңгээлге көтөрүлдү

Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелер союздук деңгээлге көтөрүлөт.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев расмий сапар менен барган Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Эки лидер бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүштү.

Жолугушууда Мирзиёев Казакстан өлкөсүнүн эң жакын жана ишенимдүү өнөктөшү экенин айтып, Өзбекстан менен Казакстандын көп кырдуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыгы бардык тармактарда маанилүү жыйынтыктарга жетишкенин белгиледи.

Мирзиёев: «Элдерибиздин тарыхы, тагдырлары бири-бири менен тыгыз байланышта, биз эт менен тырмактай түйүлгөн элдербиз. Маселебизди да чогуу чечебиз»,-деди.

Мирзиёев биз кол койгон союздук келишим менен мамлекеттик чек араларды тактоо келишиминин тарыхый документ экенин, анын Өзбекстан-Казакстан карым-катнаштарында жаңы доорду баштаарын жана эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүк карым-катнаштарын союздук деңгээлге көтөрөрүн белгиледи.

Эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээли кубандырат деп билдирген Токаев: «Казакстан менен Өзбекстан элдерибиздин жалпы тарыхына жана бир туугандык байланыштарга негизделген бекем жана гармониялуу мамилелерди түзүштү»,-деди.

Токаевдин айтымында, кол коюлган келишимдер эки тараптуу мамилелерде жаңы горизонтторду ачат жана эки өлкөнүн жакындашууга багытталган биргелешкен аракеттерин толук чагылдырат.

Сүйлөшүүдөн кийин Мирзиёев менен Токаев Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда союздук мамилелерди түзүү жана Өзбекстан-Казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча келишимдерге кол коюшту.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосунда Борбор Азия эл аралык өнөр жай кызматташтыгы борборун түзүү жөнүндө протокол, айлана-чөйрөнү коргоо, билим берүү, стратегиялык реформалар, электрондук сооданы өнүктүрүү, токой чарбасы, энергетика, химия, транспорт, логистика жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармактарында кызматташуу менен эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү багытында жол карталарына да камтыган 15 документке кол коюлду.



Тектеш кабарлар