Казакстан Түрк Мамлекеттер Уюмуна колдоосун улантат

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев кызматка дайындалгандан кийин Казакстанда биринчи жолу жолугушууларды өткөргөн ТМУнун  башкы катчысы,элчи Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

1922374
Казакстан Түрк Мамлекеттер Уюмуна колдоосун улантат

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) негиздөөчүлөрүнүн бири катары түрк мамлекеттери менен көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн уюмдун катчылык иштерине максималдуу колдоо көрсөтө тургандарын билдирди.

Токаев кызматка дайындалгандан кийин Казакстанда биринчи жолу жолугушууларды өткөргөн ТМУнун  башкы катчысы,элчи Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

Президенттиктин Акорда сарайында өткөн жолугушууда Токаев Өмүралиевди куттуктап, кызматында ийгиликтерди каалады.

Токаев Казакстан түрк мамлекеттери менен көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин жана ТМУнун негиздөөчүлөрүнүн бири катары катчылык ишин мындан ары да колдоорун билдирди.

Түрк элдеринин кызматташтыгын жана биримдигин чыңдоонун уникалдуу аянтчасы катары уюмдун ролу жана мааниси бүгүнкү күндө бир топ жогорулаганын баса белгилеген Токаев, дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер жана эл аралык уюмдардын ТМУ менен соода, экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда байланышын кеңейтүүнү каалап жатканын белгиледи.

Токаев ТМУ катчылыгынын эң маанилүү милдети бул жылдын октябрь айында Самаркандда өткөн саммитте макулдашылган артыкчылыктар менен демилгелерди натыйжалуу ишке киргизүү экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар