ТМУнун башкы катчысы Азербайжандын экономика министри менен жолугушту

Түрк Мамлекеттер Уюмунун Башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Экономика министри Микаил Жаббаров менен жолугушту.

1920353
ТМУнун башкы катчысы Азербайжандын экономика министри менен жолугушту
TDT-genel-sekreteri-azerbaycan-ekonomi-bakani-ile-gorustu 2.jpg
TDT-genel-sekreteri-azerbaycan-ekonomi-bakani-ile-gorustu 3.jpg

2022-жылдын 16-декабрында Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев Азербайжан Республикасына жумушчу сапарын жасады.

Сапардын алкагында Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Экономика министри Микаил Жаббаров менен жолугушту.

Башкы катчыны жаңы кызматы менен куттуктаган министр, Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) чатырынын алдында көп тараптуу экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчи Өмүралиев жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Азербайжандын соода, транспорт, транзит, логистика жана энергетика тармагындагы түрк кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү негизги ролун баса белгиледи.

Эки тарап тең кызмат көрсөтүүлөр жана инвестициялар боюнча Эркин соода келишими, Электрондук соода келишими жана Түрк инвестициялык фонду сыяктуу түрк мамлекеттеринин ортосундагы экономика жана соода тармагындагы укуктук базаны бекемдөө боюнча иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти. Тараптар ошондой эле соода жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу ой бөлүшүштү.

Министр менен башкы катчы соода-экономика тармагында конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен күч-аракеттерди арттырууну макулдашты.



Тектеш кабарлар