Азербайжандан Иранга нота берилди

Бул тууралуу Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айхан Хажызаде жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө маалымдады.

1914329
Азербайжандан Иранга нота берилди

Азербайжан 14 ирандык жарандын армян калкы жашаган жана орус күчтөрү убактылуу жайгаштырылган аймакка мыйзам тарабынан белгиленген чек ара бекеттеринин тышындагы чекиттен киргендиги тууралуу кабарды иликтөө үчүн Иранга нота берди.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айхан Хажызаде жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, чет элдиктердин Азербайжанга кирүүлөрүнүн өлкөнүн мыйзамдарында белгиленген эрежелерге, эгемендүүлүк жана аймактык бүтүндүк принциптерине ылайык жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

14 ирандык жарандын армян калкы жашаган жана орус күчтөрү убактылуу жайгаштырылган аймакка мыйзам тарабынан белгиленген чек ара өткөрүү пункттарынын сыртындагы чекиттен киргендиги тууралуу кабарга байланыштуу Хажызаде: «Иран жарандарынын биздин жерлерге мыйзамсыз кирүүсүнө байланыштуу маалыматты тактоо үчүн Ирандын Бакудагы элчилигине тиешелүү нота жөнөтүлдү. Экинчи тараптын жообу күтүлүүдө»,-деп маалымат бөлүштү.



Тектеш кабарлар