Эрдоган ШКУ саммитинде сөз сүйлөдү

Эрдоган: «ШКУ Азияга ачылган терезелерибиздин бири»

1880946
Эрдоган ШКУ саммитинде сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Шанхай Кызматташтык Уюмунун Түркиянын Азияга ачылган терезелеринин бирине айланганын билдирди.

Президент Эрдоган Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөрүлгөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 22-саммитинде сөз сүйлөдү.

ШКУну Азиянын толеранттуулук климатынын жана байыркы маданияттын азыркы өкүлү деп эсептегендерин баса белгилеген Эрдоган, уюм менен карым-катнаштарды өнүктүрүүгө маани бергендерин билдирип: «Акыркы 10 жылдагы диалог боюнча өнөктөш статусубуздун негизинде бул биздин Азияга ачылган терезелерибиздин бири болуп калды»,- деди.

Түркиянын чыгыш менен батыштын ортосундагы көпүрө позициясынын өзүнө болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү тартуулаганын баса белгилеген Эрдоган, ушул түшүнүк менен коопсуздуктан экономикага, энергетикадан транспортко, айыл чарбадан туризмге чейин бардык тармакта (ШКУ менен) кызматташууга даяр экендиктерин айтты.

Проблемалар глобалдашкан доордун өтүп жатканына басым жасаган Эрдоган, бул көйгөйлөрдү кызматташтык менен жеңүүгө болоорун маалымдады. 

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы мезгилинде өнүккөн өлкөлөрдүн жакшы сыноо бере албаганын айткан президент Эрдоган: «Биз болсо Түркия катары 161 өлкөгө жана 12 эл аралык уюмга жардам көрсөттүк. Өз каражатыбыз менен иштеп чыккан TURKOVAC вакцинасын адамзатка тартууладык»,-деди.

Глобалдык системанын реформасынын зарылдыгын баса белгилеген Эрдоган, дагы адилеттүү тартиптин түзүлүүсү үчүн аракет кылгандарын айтып: «Биздин максатыбыз - адамдарды жана гуманитардык баалуулуктарды борборго коюу менен аймагыбыз жана тышында тынчтыктын алкагын түзүү»,-деди.

Президент Эрдоган Украина данынын Кара деңиз аркылуу ташылышы үчүн болсо Бириккен Улуттар Уюму жана тараптар (Орусия-Украина) менен тыгыз кызматташтыкты жүргүзүп жаткандарын билдирди.

Терроризмдин чек тааныбаганын жана барган сайын кара жүзүн көрсөтүп жатканын кабарлаган президент: «Көбүнчө жалгыз калтырылсак да, террордук уюмдарга каршы күрөшүбүздү улантып жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар