Татар: «Кипрде күрөшүбүз уланат»

Президент Татар Эл аралык Түрк Маданияты Уюмунун (ТҮРКСОЙ) борбор шаар Анкарадагы башкы кеңсесине барды.

1781572
Татар: «Кипрде күрөшүбүз уланат»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Кипр Түрк элинин мыйзамдуу эгемендик күрөшүнүн соңуна чыгышына жана негизги мекени Түркия менен болгон байланыштарынын үзүлүшүнө эч качан уруксат бербей тургандарын айтты.

Президент Татар Эл аралык Түрк Маданияты Уюмунун (ТҮРКСОЙ) борбор шаар Анкарадагы башкы кеңсесине барды.

Татар бул жерде сүйлөгөн сөзүндө түрк элинин Кипрде адилеттүү күрөш жүргүзүп жатканын баса белгилеп: «Цивилизациялардын кагылышуусу менен бизди Кипрден чыгаруу жана Кипрди рум тарапка таандык кылуу үчүн жасалган ар кандай геноцид актыларына Кипр түрк эли ар дайым каршылык көрсөттү. Кипр Түрк эли негизги мекен Түркия Республикасынын да колдоосу менен жүргүзгөн күрштө Кипрде ал элдин бири экенин жана бул күрөштүн эгемендикке негизделген күрөш экенин көрсөттү»,-деп айтты.

Кипрде жеткен чекитте кызматташтыктын эки башка эгемендиктин негизинде гана өнүктүрүлүшү мүмкүн экенине көңүл бурган Татар: «Биз Кипр түрк калкы катары туура күрөшүбүздөн баш тартпайбыз, эгемендүүлүгүбүздүн бизден алынышына жана негизги мекенибиз Түркия менен болгон байланышыбыздын үзүлүшүнө эч качан жол бербейбиз. Муну бүткүл дүйнө менен бөлүштүк»,-деди.

Татар улуу Түрк дүйнөсүнүн бир бөлүгү катары түрктүк үчүн күрөшкөндөрүн баса белгилеп, Кипрде эки башка элдин бар экенин айтты.

Кипрде жашаган түрктөрдүн өз тарыхы жана маданияты бар өзүнчө эл катары келечегин аныктоого укугу бар экенин белгилеген Эрсин Татар, Кипр түрк элинин адилетик үчүн күрөшүнүн ыйык жана баалуу экенине көңүл бурду.



Тектеш кабарлар