Назарбаевдин саясий ыйгарым укуктары жоюлду

Казакстандын Президенттигинин билдирүүсүнө караганда, Токаев Конституциядагы Биринчи президент-Элбашы мыйзамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзамды жактырды.

1774859
Назарбаевдин саясий ыйгарым укуктары жоюлду

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев негиздөөчү президент Нурсултан Назарбаевдин саясий ыйгарым укуктарын жокко чыгарган мыйзамга кол койду.

Казакстандын Президенттигинин билдирүүсүнө караганда, Токаев Конституциядагы Биринчи президент-Элбашы мыйзамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзамды жактырды.

Ага ылайык Назарбаевдин Казакстандын Коопсуздук Кеңешинде жана Элдик Ассамблеясында «өмүр бою төрагалык кылуу» ыйгарым укуктары жоюлду.

Өлкөнүн ички жана тышкы саясатына байланыштуу мамлекеттик демилгелер Назарбаев менен макулдашылышы керек деген берене да алынып салынган.

Буга чейин аталган мыйзам Казакстандын парламенти тарабынан жактырылып, президенттин кол коюусуна сунушталган.

Нурсултан Назарбаев өлкөнү дээрлик 30 жыл башкаргандан кийин 2019-жылы президенттиктен кеткен, бирок Казакстандын Коопсуздук Кеңешин жана Казакстан Эл ассамблеясын өмүр бою жетектөө укугун сактап калган.



Тектеш кабарлар