Кыргызстан Google компаниясына салык сала баштайт

Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз борборунан маалымат алынды.

1765288
Кыргызстан Google компаниясына салык сала баштайт

Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча эң көп колдонулган издөө системасы Google сыяктуу чет элдик компанияларга салык сала баштады.

Президенттик аппараттын басма сөз борборунан алынган маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров 22-декабрда парламентте кабыл алынган Салык мыйзамынын жаңы жобосуна кол койду.

1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы мыйзамдын жоболору президенттик аппараттын расмий сайтында жарыяланды.

Мыйзамга ылайык, электрондук соода кылгандардан 2 пайыз киреше салыгы, ал эми Google сыяктуу чет элдик компаниялар кошумча нарк салыгын (КНС) төлөйт.



Тектеш кабарлар