ЖККУнун аскерлери Казакстандан кете баштады

Казакстандагы өкмөткө каршы демонстрациялар зомбулукка айлангандан кийин өлкөгө жөнөтүлгөн ЖККУнун тынчтык күчтөрү чыгарыла баштады.

1762104
ЖККУнун аскерлери Казакстандан кете баштады

Нааразылык акцияларынан кийин Казакстанга киргизилген Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) тынчтык күчтөрү өлкөдөн чыгып, аймакты Казакстандын коопсуздук күчтөрүнө өткөрүп бере баштады.

Казакстандагы өкмөткө каршы демонстрациялар зомбулукка айлангандан кийин өлкөгө жөнөтүлгөн ЖККУнун тынчтык күчтөрү чыгарыла баштады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, ЖККУнун жана Казакстандын коргоо министрлигинин планынын алкагында бейпилдик орнотуучу күчтөрүнүн коргоосунда турган социалдык объектилерди жергиликтүү коопсуздук кызматкерлерине өткөрүп берүү жараяны башталганы айтылды.

Тынчтыкты сактоо күчтөрүн өлкөдөн чыгаруу 10 күндүн ичинде аяктаары пландалууда.

Казакстандын Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында 2-январда суюлтулган мунай газына (LPG) баалардын көтөрүлүшүнө каршы эл көчөгө чыгып, нааразылык акциялары 2 күндөн кийин Алматы жана өлкөнүн башка шаарларына жайылды.

Өкмөт отставкага кетип, баалардын көтөрүлүшү жокко чыгарылганына карабастан, митингчилер артка кадам таштабай, демонстрациялар зомбулукка айланып кетти.

Демонстранттар мамлекеттик мекемелерди бутага алган өлкөдө өзгөчө абал жарыяланды. Президент Касым-Жомарт Токаев Орусия, Беларусь, Казакстан, Армения, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болгон ЖККУдан зордук-зомбулукту токтотуу үчүн жардам сурады.

Аталган уюм өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн өлкөгө 2000ден ашык бейпилдик орнотуучу күчтөрүн жөнөткөн болчу. Окуяларда 164 киши каза болуп, жүздөгөн коопсуздук кызматкерлери жараланды.

Митингдерден улам башталган операцияда жалпы камак саны 12 миңге көтөрүлсө, нааразылык акцияларына байланыштуу 300дөн ашуун тергөө иштери башталды.



Тектеш кабарлар