Азербайжан-Армения чек арасында чыңалуу

Азербайжан армиясынын замбирек жана аба транспортторун колдонбогону, абалдын азербайжандык аскерлердин көзөмөлүндө экени маалымдалды.

1761153
Азербайжан-Армения чек арасында чыңалуу

Азербайжандын Коргоо министрлиги, Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн кечээ түшкө жуук Келбежер багытында баштаган провокациясынан улам чек арада абал курчуп кеткенин кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө, Азербайжан армиясынын каршы тараптын кол салууларына бөгөт коюу үчүн кийлигишүү чараларын ишке ашырганы белгиленди.

Азербайжан армиясынын замбирек жана аба транспортторун колдонбогону, абалдын азербайжандык аскерлердин көзөмөлүндө экени маалымдалды.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө да: «Армениянын уланып жаткан аскерий провокациясын чечкиндүү түрдө айыптайбыз»,- деп айтылды.

Билдирүүдө чыңалуунун бардык жоопкерчилиги Армениянын аскерлери жана саясатчыларында экени белгиленди.

Кечээ Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн огунан бир азербайжандык аскер шейит болгон.



Тектеш кабарлар