Түрк Мамлекеттери Уюму Казакстанга колдоосун дагы бир жолу билдирди

TМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Казакстандагы окуяларга баа берүү үчүн онлайн кезексиз жыйынынан кийин жазуу түрүндөгү билдирүү жасашты.

1760765
Түрк Мамлекеттери Уюму Казакстанга колдоосун дагы бир жолу билдирди
Türk Devletleri Teşkilatı Dışişler Bkn. 1.jpg

 

Түрк Мамлекеттери Уюму (TМУ) азыркы кризистен чыгуу үчүн Казакстандын жетекчилигине жана элине керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин дагы бир жолу билдирди.

TМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Казакстандагы окуяларга баа берүү үчүн онлайн кезексиз жыйынынан кийин жазуу түрүндөгү билдирүү жасашты.

Казакстанга жана андагы бир тууган элине чечкиндүү колдоо жана тилектештик ырасталган билдирүүдө, анын аймагында жана анын чегинен тышкаркы аймакта туруктуулук жана коопсуздук үчүн өтө маанилүү болгон Казакстандын тынчтыгы менен ырааттуулугунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Билдирүүдө адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурган, коомдук тартипти бузган жана мүлккө зыян келтирген зордук-зомбулук жана кыйратуучу аракеттер айыпталып, казак бийлигинин тез арада коомдук тартипти жана нормалдуу тартипти калыбына келтире ала турганына ишеним баса белгиленди.

Эл аралык укуктун негизги нормаларын жана принциптерин сактоонун маанилүүлүгү баса белгиленген билдирүүдө, Казакстандын жетекчилигинин өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү бузууга багытталган террористтерге, радикалдарга, экстремисттерге жана кылмышкерлерге каршы терроризмге каршы операцияларында колдоо көрсөтүлөт.

Казакстандын президенти Токаевдин боордош Казакстан элинин жыргалчылыгын арттыра турган реформанын күн тартибине колдоосу да айтылган билдирүүдө бул темада тыгыз кызматташуу жана кеңешүү боюнча макулдашууга жетишилгени белгиленди.

Казакстан Азербайжан, Түркия, Кыргызстан жана Өзбекстан менен бирге Түрк Мамлекеттери Уюмунун 5 мүчөсүнүн курамында турат.

Уюмга байкоочу мүчө мамлекеттердин катарында Түркмөнстан менен Венгрия бар.

Суюлтулган мунай газынын баасы жогорулады жана социалдык-экономикалык абал начарлады деген негизде 2-январда башталган нааразылык акцияларында коопсуздук күчтөрү да болгон ондогон адам каза болду.

Казакстандын президенти Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алып, нааразылык акциялары өөкмөттү үчүн айыптаган.

Нааразылык акциялары жайылып кеткендиктен өлкө боюнча өзгөчө абал  жарыяланган.



Тектеш кабарлар