Түркмөнстандагы Дервезе газ кратеринде күйүп жаткан өрт өчүрүлөт

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Министрлер кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө өрттү өчүрүү тапшырмасын берди.

1759638
Түркмөнстандагы Дервезе газ кратеринде күйүп жаткан өрт өчүрүлөт

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Дервезе газ кратеринде 1971-жылдан бери күйүп жаткан өрттү өчүрүү иштерин баштоону тапшырды.

Бердымухамедов Министрлер кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Дервезе аймагында көп жылдардан бери чоң көлөмдө газ күйүп жатканын жана бул абалдын айлана-чөйрөгө да, айланасында жашаган элдин ден-соолугуна да терс таасирин тийгизгенин айтты.

Бердымухамедов Дервезеде өлкөгө олуттуу киреше алып келе турган бир ресурстун текке кеткенин белгилеп, өкмөткө илимпоздорду чогултуп, керек болсо чет элдик адистердин колдоосу менен өрттү өчүрүүнүн жолдорун издөөнү тапшырды.

Мурдагы союз учурунда геологдор иштеп жатканда кокусунан пайда болгон кратердин оту 1971-жылдан бери уланып келет.

Тозок дарбазасы деп да аталган кратер туристтердин көңүлүн бурат.



Тектеш кабарлар