ЖККУ Казакстанга аскер жөнөттү...

ЖККУнун Башкы катчылыгы тараткан билдирүүдө кечээ ЖККУ Казакстанга аскерлерин жөнөтүү чечимин кабыл алганы эске салынган.

1758206
ЖККУ Казакстанга аскер жөнөттү...

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) Казакстандагы кырдаалга байланыштуу бул өлкөгө аскерлерин жибергени маалым болду.

ЖККУнун Башкы катчылыгы тараткан билдирүүдө кечээ ЖККУ Казакстанга аскерлерин жөнөтүү чечимин кабыл алганы эске салынган.

Билдирүүдө бул күчтөр Орусия, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Кыргызстандын аскер бөлүктөрүнөн турганы белгиленип: «ЖККУнун бейпилдик күчтөрүнүн арасында Орусиянын Аскердик-аба-десанттык күчтөрүнүн аскер бөлүктөрү да бар»,делди.

Билдирүүдө айтылган күчтөрдүн Орусия аба күчтөрүнө таандык учактар ​​менен жөнөтүлгөнү белгиленди.

Казакстандын президенти Касым Жомерт Токаев өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу алар мүчө болгон ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлеринен жардам сурады.

ЖККУ 2002-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-өлкөлөр Орусия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Армения тарабынан өкмөттөр аралык аскердик альянс катары түзүлгөн.

Казакстандын батышында 2-январдан тарта газга болгон баанын көтөрүлүшүнө жана социалдык-экономикалык абалдын начарлашына байланыштуу нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылды.

Көчө окуяларына айланган демонстрацияларда коопсуздук күчтөрү менен демонстранттар ортосунда кагылышуу чыкты. Полиция жана аскердик унааларды өрттөп, өкмөттүк имараттарга кирген демонстранттарга коопсуздук күчтөрү үн бомбалары менен кийлигишти.

Казакстандын президенти Касым Жомерт Токаев нааразылык акциялары үчүн күнөөлөнгөн өкмөттүн отставкасын кабыл алды.

Нааразылык акциялары жайылгандан кийин өзгөчө кырдаал алгач борбор калаа Нур-Султанда, Алматы шаарында жана Мангистау облустарында жарыяланды. Андан кийин өзгөчө кырдаал чечими өлкөнүн бардык аймактарында күчүндө экени айтылды.

Казакстандын Ички иштер министрлиги өлкөдөгү кечээки нааразылык акцияларында коопсуздук күчтөрүнүн 8и каза болгонун билдирди.

Казакстандын Алматы шаарындагы окуяларда коомдук имараттарды басып алууга аракет кылган ондогон демонстранттардын өмүрү кыйылганы жарыяланды.



Тектеш кабарлар