Казакстанда премьер-министр Аскар Мамин башында турган өкмөт отставкага кетти

Президент Касым Жомарт Токаев эртең менен өкмөттүн отставкасын кабыл алды.

1757189
Казакстанда премьер-министр Аскар Мамин башында турган өкмөт отставкага кетти
Kazakistan.jpg

Казакстанда премьер-министр Аскар Мамин башында турган өкмөт өлкөдө суюлтулган мунай газынын (LPG) баасынын көтөрүлүшүнө каршы нааразылык акцияларынан улам отставкага кетти.

Президент Касым Жомарт Токаев эртең менен өкмөттүн отставкасын кабыл алды.

Президенттик аппараттын билдирүүсүнө ылайык, буга чейин вице-премьер-министр кызматын аркалап келген Алихан Смаилов премьер-министрдин милдетин аткармай болду.

Казакстандын батышындагы Жаңыөзен шаарында газдын баасынын жогорулашына каршы чыккан айдоочулардын нааразылык акциялары бүт өлкөгө жайылып кеткендиктен Алматы шаары менен Мангыстау облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу президент Токаев кол койгон жарлык боюнча өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуудагы абалдын начарлашына байланыштуу аталган аймактарда 5-19-январь күндөрүнүн аралыгында коменданттык саат киргизилген.

Өлкөнүн мурдагы борбору Алматыда миңдеген адамдар катышкан демонстрациялар түнү бою уланды. Окуяга полиция көздөн жаш агызуучу газ жана үн чыгаруучу гранаталарды колдонду.

Казакстанда өкмөттү кулаткан процессте газдын баасы литри үчүн 60 теңгеден 120 теңгеге көтөрүлгөн.

Атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссия Актауда митингчилер менен жолугуп, газдын литрине болгон баасын 50 теңгеге (0,11 доллар) түшүргөнүн жарыялады. Бирок уланып жаткан демонстрацияларда азыркы административдик системаны сындаган саясий ураандар чакырылды жана элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу талаптары коюлду.



Тектеш кабарлар