Министр Дөнмез Бакуда

Дөнмез жолугушууларды өткөрүү үчүн Азербайжанга барды.

1751157
Министр Дөнмез Бакуда

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Азербайжанда маркум президент Гейдар Алиевдин мүрзөсү менен Түрк жана Азербайжан көрүстөндөрүн зыярат кылды.

Дөнмез алгач Гейдар Алиевдин Фахри Хиябандагы мүрзөсүнө барып гүлчамбар койду.

Азербайжандын энергетика министринин орун басары Элнур Солтанов жана Түркиянын Бакудагы элчиси Жахит Багжынын коштоосунда Дөңмез, 20-январь шейиттери орун алган Баку шейиттер тилкесиндеги Түбөлүк от эстелигине жана Баку түрк көрүстөнүнө гүлчамбар койду.

Баку түрк шейиттери көрүстөнүнүн эскерүү китебине кол койгон Дөнмез көрүстөндөргө гвоздикаларды калтырды.

Дөнмез Азербайжан-Түркия 1-энергетика форумуна катыша турганын, энергетика жана жаратылыш ресурстары тармагындагы жумушчу топтордун пикирлерин жана чечимдерин уга тургандарын айтты.

Азербайжанда Түркиядан, Түркияда Азербайжандан көп инвесторлордун бар экенин эске салган Дөнмез: «Энергетика тармагында эки мамлекет, бир улут болуунун эң мыкты үлгүлөрүн көрсөтүп жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар